Экономика министрлиги аянты 50 чарчы метрге жетпеген дүкөндөр үчүн ыктыярдуу патенттерди жоюуну сунуштады. Мындай талаптарга күнүмдүк керектөөчү товарлар сатылган дүкөндөр кирип калат.
«Учурда ыктыярдуу патенттин негизинде иш жүргүзүп жаткан ишкердиктин субъекттери факт түрүндө алган кирешесине жана түшкөн каражаттын көлөмүнө карабастан белгиленген өлчөмдө гана салык төлөшөт, бул адилетсиз атаандаштыкка алып барууда», — деп айтылат мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.
Бийлик мындай дүкөндөрдү жалпы салык тартибине өткөрүп, көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) орнотууну сунуштап жатат. Машиналар маалыматтарды онлайн түрдө берип турат. Жалпы салык тартиби майда дүкөндөрдүн ээлери киреше салыгын, сатык салыгын, кошумча нарк салыгын жана башкаларды төлөшөт дегенди негиздейт.
Учурда майда дүкөндөрдүн ээлери патенттин негизинде белгиленген өлчөмдөгү салык түрүндө ай сайын эки миң сомдон он миң сомго чейин төлөшөт. Жалпы салык тартибине өтүүдө мындай дүкөндөрдүн чегеримдери көбөйүшү керек.
Министрликте майда дүкөн ээлери үчүн ыктыярдуу патентти жоюу ички рынокту коргоп, өлкөнүн бюджетинин киреше бөлүгүн толуктайт деп эсептешет.
Экономист Азамат Акенеев чекене соода үчүн патенттерди жоюу мамлекетке чоң киреше алып келбесин айтат.
«Максат башкада. Көмүскө экономика менен күрөшүү. Эгер чекене соодада эсеп так болсо, анда ошол эле бажыдагы импорттоодогу аткез бардык маанисин жоготот. [...] Эгер чекене соода кирешесин азайтса, анда система иштебейт. Бирок ККМ менен [аткезчилик менен күрөшүүгө] жок дегенде мүмкүнчүлүк бар», — деп жазган экономист твиттерде.
Учурда мыйзам долбоору коомдук талкууда. Ал күчүнө кириши үчүн аны парламент жактырып, президент кол коюушу керек.