Жалал-Абадда 19 жаштагы кызды сатууга аракеттенген аял кармалды

Ош ШИИБнин криминалдык милиция бөлүмүнө 19 жаштагы кыз 100 миң сомго сатылып жатканы тууралуу маалымат келип түшөт. Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында сатуучу Жалал-Абад шаарынын тургуну экени аныкталат.

Милиция тарабынан сатып алууну каалаган кардар даярдалып, соодалашуунун натыйжасында кыз 50 миң сомго бааланат.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматчысы Замир Сыдыков «Клоопко» маалымдагандай, кызды сатмакчы болгон 42 жаштагы аял 14-августта Жалал-Абад шаарынын «Нур» мейманканасынын короосунан кармалган.

«Аял кааласаңар сойку кылып иштетсеңер да болот деген. Ал 2000-жылы туулган кызды сатканга чейин үйүндө камап отурган» — деп билдирди Сыдыков.

Кармалган аял Ош ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, аталган факт «Кишилерди соода кылуу» беренеси менен катталган. Ош шаардык соту 16-августта шектүүнүн баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтыруу өкүмүн чыгарган.

Укук коргоо органдары жабырлануучу моралдык жактан басымга дуушар болгонун кабарлашты. Анын туугандары такталганча шаардагы кризистик борборлордун биринде жайгаштырылган.