Мекениме келдим, саясатка эмес — Бабанов

Президенттикке мурдагы талапкер Өмүрбек Бабанов 20-августта УКМКга суракка келди. Тергөөчүлөргө кирээрдин алдында Бабанов журналисттердин суроолоруна кыска жооп берди.

Бабанов дагы бир жолу Кыргызстанга бийлик менен макулдашып алып келгендигин четке какты.

«Эң негизги кепилдик Кыргызстанда мыйзам болушу керек. Ошондой эле болот деп үмүттөмүн. Мекениме келдим, саясатка эмес. Мекениме да келбешим керекпи?» — деп билдирди ал.

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодо башкы талапкерлердин бири болгон — бийликчил талапкер Сооронбай Жээнбековдун башкы атаандашы.

Жээнбеков шайлоодон жеңип, өлкөнүн президенти болуп калгандан кийин Бабанов Кыргызстандандан чыгып кетип, арадан көп өтпөй эле саясаттан кетип жатканын жарыялаган.

Бабанов интервьюларынын биринде Алмазбек Атамбаев жана Жээнбеков менен жолукканын, алар андан депутаттык мандатын тапшырып, өлкөдөн чыгып кетсе, тарапташтарына карата кылмыш куугунтугу токтоорун айткан.

Ошондой эле УКМК ага каршы эки кылмыш ишин козгогон: биринчи иш боюнча ал бийликти күч менен басып алууга даярдануу боюнча шектелсе, экинчи иш боюнча улуттар аралык кастыкты козутууга байланыштуу шектелген. Бабанов өз дарегине коюлуп жаткан айыптарды «такыр маанисиз» жана «укук коргоо органдарынын ээн баштыгы» деп атаган.

Президенттик шайлоого катышканга чейин Бабанов Кыргызстандын премьер-министри, «Республика — Ата-Журт» партиясынын лидери жана парламенттин депутаты болгон.

Авторлошу: Рустам Халимов