Зилалиев Атамбаев менен биргеликте коррупцияга аралашкан деп шектелүүдө

ММБФнын мурдагы башчысы Дүйшөнбек Зилалиев

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев коррупцияга аралашууга шектелип жатканын «Клоопко» билдирди. Зилалиевди бул тууралуу 20-августта кабардар кылышкан.

«Аскер прокуратурасы иликтөөнүн жүрүшүндө [мурдагы президент Алмазбек] Атамбаев арзан баада сурьма кенине лицензия алуу максатында Зилалиев менен [геология боюнча мамагенттигинин] стат-катчы Шерикул Султановду коррупциялык схемасына тартканын аныктаган», — деп билдиришти Башкы прокуратурадан.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Султанов Зилалиевдин тапшырмасы менен Чаткал районунда сурьма кенин иштетүү үчүн «130 миң долларга төмөндөтүлгөн баа боюнча жасалма тендер» өткөргөн.

«Зилалиев Атамбаев менен жең ичинен сүйлөшүп алып “Хуасинь” инвестициялык компаниясына сурьма кенин иштетүүгө лицензия берген», — деп кабарлашты жогорку көзөмөл органдан.

Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Чаткал районунда сурьманын кору 103 млн доллардан жогору бааланат.

Зилалиевдин адвокаты Таалайгүл Токтакунова билдиргендей, коргоп жаткан адамы «жөн гана комиссиянын чечимин аткарган».

«Лицензия берилип жатканда Зилалиев мамгеологияда иштеген, бирок [кен чыккан жер] аукциондук болгон, комиссия мүчөлөрү чечим чыгарышкан, ал директор катары дал ошол компанияга лицензия берүү боюнча өз алдынча чечим чыгарган эмес», — деди Токтакунова.

Зилалиев мамкызматта иштеп турганда 2013-2017-жылдары Геология боюнча мамагенттиктин (жаңы аталышы Өнөр-жай мамкомитети) башчысы болгон, андан кийин Сапар Исаковдун өкмөтүндө вице-премьер-министрлик кызматты аркалаган.

Бул кызматтан кеткенден кийин маммүлк фондуна ишке орношуп, андан соң мамкызматтан кеткен.

2018-жылдын декабрында мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев мыйзамсыз баюуга шектелип кармалган. Ошондой эле ал президент Сооронбай Жээнбековдун инаугурациясы учурунда бомба тууралуу жалган маалымат бергени үчүн үч жылга шарттуу мөнөткө кесилген.

Авторлошу: Элзира Түмөнбаева

Кошумча: Латвияда Зилалиевдин үй-бүлөсү акчалардын изин жашырууга айыпталууда — УКМК201