Батукаевдин иши: Экс-башкы прокурор Жолдубаева үй камагына алынды

ИИМдин басма сөз кызматы мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаева үй камагына алынганын билдирди. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту кабыл алган.

«Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында 20-августта [Индира Жолдубаева] Кыргызстандын Кылмыш-Жаза кодексинде көрсөтүлгөн “Коррупция” беренеси боюнча кылмыш жасоого шектелип жаткандыгы тууралуу кабарланды», — деп айтылат ИИМдин маалыматында.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы бошотулуп, абактан чыккандан кийин эле өлкөдөн чыгып кеткен. Батукаевди бошотууга врачтардын ага койгон «лейкоз» диагнозу себеп болгон, ал эми кийинчерээк меддокумент жасалма экени аныкталган. Кыргыз тарап орус кесиптештери менен Батукаевди экстрадциялоо маселеси боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн, бирок был жыйынтык берген эмес.

Жолдубаева ошол мезгилде Атамбаевдин президенттик администрациясында соттук реформа жана мыйзамдуулук бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп турган. Арадан бир жыл өткөн соң башкы прокурорлук кызматка келген.

Бийлик анын мыйзамсыз эркиндикке чыгышы тууралуу иликтөө ишин 2019-жылы жандантышкан. Мындан көп өтпөй эле көптөгөн аткаминерлер кармалып, үй камактарына чыгарылган — мисалы, ЖАМКтын мурдагы башчысы жана депутат Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, саламатттык сактоонун мурдагы министри Динара Сагынбаева.

Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге каршы айып тагууга себеп болуп, анын кол тийбестиктен ажыроо менен камалышына алып келген.