Ноокатта айдоочунун күбөлүгүн бербей койгон инспекторго катаал сөгүш жарыяланды

ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, Ош облусунун Ноокат району боюнча патрулдук милициянын кенже инспектору Зарина Камбаровага ИИМдин буйругун жана кызматтык этиканы бузгандыгы үчүн катаал сөгүш жарыяланды.

Патрулдук милициянын кызматкери катышкан видео фейсбукта 21-августта пайда болгон. Видеодо инспектор айдоочудан күбөлүгүн, техпастортун жана салык дүмүрчөгүн талап кылган.

Айдоочу киши патрулдук милициянын кызматкерине айдоочулук күбөлүгүн бергенден кийин инспектор каршы тарапта токтотулуп турган «Дэу Матиз» үлгүсүндөгү унаага барып отурат. Айдоочу кызматкерге бир нече жолу кайрылып, күбөлүктү кайтарууну суранат. Бирок инспекторлор анын айткандарын этибарга албай документти алып унаа менен белгисиз тарапка кетип калышат.

Видеонун аягында Ноокат ЖКККБнын башчысынын жеке кийлигишүүсү менен гана айдоочуга күбөлүк кайтарылганы айтылат.