ЖАМК Жапаровду уулунун тажыясына коё берди

Материал 11:36да жаңыртылды.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) соттолгон экс-депутат Садыр Жапаровго уулунун тажыясына барууга уруксат берди.

«Жазык-аткаруу системасынын органдарынын ишмердигинде билиниши керек болгон гуманизмдин принциптеринин негизинде, ЖАМК Жапаровдун өкүлдөрүнүн арызына оң жооп берүү тууралуу чечим кабыл алды. Ал уулун акыркы сапарга узатууга мүмкүнчүлүк алат», — деп билдирди ЖАМКтын басма сөз катчысы.

Жапаровдун уулу Дастан Садыр уулу Көк-Жар айылында 22-августка караган түнү жол кырсыгына учураган.

«Ал мотоциклдын рулунда бара жатып [транспорт каражатын] башкара албай “Тойота” менен сүзүшкөн. [...] Кагышуудан Дастан ыргып кетип, “Лексус 330” унаасына урунган», — деп айтылат ЖКККББнын катында.

Дарыгерлер анын өмүрү үчүн төрт күн күрөшкөн, бирок ал эсине келбей каза тапкан.

Сот 2017-жылы Жапаровду Ысык-Көлдүн мурдагы губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууга байланыштуу иш боюнча күнөөлүү деп тапкан. Каптагаев ал учурда Жапаровго доо коюудан баш тартканына карабастан 11,5 жылга эркинен ажыратылган.

Кийинчерээк Жогорку сот анын ишин күчүнө кирген жаңы Кылмыш-жазык кодексине байланыштуу кайра карап чыгып, жаза мөөнөтүн 10 жылга чейин кыскарткан.

ТЕМА БОЮНЧА: Садыр Жапаровдун уулу каза тапты