Финпол Албек Ибраимовду күбө катары суракка чакырды

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы (финпол) 27-августта мурдагы мэр Албек Ибраимовду күбө катары суракка чакырды.

Ибраимовдун адвокаты Сергей Слесарёв «Клоопко» айткандай, мурдагы мэрди УКМКнын тергөө изоляторунан «эскертүүсүз» чыгарып кетип, «суракка алууга аракет» кылышкан.

Мындан тышкары, Слесарёв Ибраимовго финполдо кандай тергөө амалы жүрүп жаткандыгын түшүндүрүп беришпегинин билдирди.

«Бул Ибраимовдун маалымат алуу укугун бузуу, Ибраимовдун күбө катары укугун бузуу [...] Мыйзам боюнча кылышкан жок», — деди Слесарёв.

Адвокаттын айтымында, Ибраимов тергөөчүлөрдүн суроолоруна жооп бербей койгон, ошондуктан сурак экс-мэрдин жактоочусу менен макулдашып, 29-августка жылдырылган.

«Ибраимов — бул эскертүүсүз эле уруна берчү буюм эмес, ал жаран», — деди Слесарёв.

Финполдун басма сөз кызматынан Ибраимов суракка 27-августта чыгарылып кеткенин ырасташты. Ал жактан билдиришкендей, тергөө азырынча мурдагы мэр кайсы иштин алкагында суракка чакырылганын ачыкка чыгарбайт.

Албек Ибраимов — Бишкек мэри болуп турган кездеги коррупцияга байланыштуу иш боюнча айыпталуучу. Ал «муниципалдык жерлерди мыйзамсыз берүү» жана «Нурлуу жээк» пансионатын саткан деп айыпталууда. Анын ишин Бишкектин Ленин райсоту карап жатат.

Ибраимов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири. Ибраимовго карата кылмыш иши козголгондо Атамбаев мындай жол менен бийлик оппозицияга басым кылгысы келет деп билдирген. Атамбаев бир жарым жылдан ашуун убакыттан бери мурдагы үзөңгүлөшү жана учурдагы президент Сооронбай Жээнбеков менен араздашып келет. Атамбаев өзү да кармалып, бир катар оор беренелер боюнча шектелүүдө.