Турсунбек Акун Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча комиссиясынан кетти

Мурдагы акыйкатчы Турсунбек Акун 7-8-августтарда Кой-Таш айылында болгон окуяларды иликтөө боюнча комиссиянын курамынан чыгып кетти. Ошол күндөрү спецназ менен милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин үйүн штурмга алган эле. Штурм учурунда бир спецназчы каза таап, 100гө чукул адам жаракаттарды алган.

Акун мындай чечимди өз ыктыяры менен кабыл алган. Ошондой эле ал ысымы «көп жылдан бери Азиз Батукаевдин ишине байланыштуу аталып жүргөнүн» жана бул «анын калыстыгына күмөн саноого» себеп болоорун билдирди. Акун да Бутукаевдин бошотулушуна байланыштуу иш боюнча күбө катары өтүп жатат.

«Андан тышкары, “Батукаевдин ишинде Атамбаев күнөөлүү” деп биринчи мен айтып чыккам. Ал болсо мени айыптап жүрөт. Бул иш сотко өтүп, сот чечим чыгармайынча мен комиссиянын ишине аралашсам туура эмес болуп калат», — деди Акун.

Мурдараак жарандык активист Рита Карасартова Акун комиссиянын курамынан чыгышы керектигин, анткени ал «Батукаевдин эркиндикке чыгышына жардам кылган» деп билдирген.

«Турсунбек Акун укук коргоочу болгону менен анын кызыкчылыгы бар», — деди ал.

Кой-Таш окуясын иликтөө боюнча комиссия 29-августта өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиевдин тапшырмасы менен түзүлгөн. Анын башына биринчи вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков дайындалып, курамына жети депутат, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү, коомдук ишмердер жана эксперттер кирген.

Кримтөбөл Азиз Батукаев 2013-жылы абактан бошотулгандан кийин дароо Кыргызстандан Орусиягы учуп кеткен. Батукаевдин бошотулушунун шартында Турсунбек Акун акыйкатчы кызматынан кеткен.

2019-жылдын жазында бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу ишти жандандырган. Тергөөнүн жүрүшүндө бир катар мурдагы аткаминерлер суракка алынып, үй камагына алынган: экс-вице-премьер Шамил Атаханов, саламаттык сактоонун мурдагы министри Динара Сагынбаева, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова жана Индира Жолдубаева. Тергөө алардан тышкары Батукаевдин бошотулушуна тиешелүү болгон дагы башкаларды суракка алган.

Кримтөбөлдүн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу мурдагы президент Алмазбек Атамбаев да айыптала баштаган. Бул Атамбаевди экс-президенттик жана кол тийбестик макамдан ажыратууга, андан соң кармоого бирден бир себеп болгон.