Кой-Ташта жабыркаган Чүй ОИИБнин башчысы комадан чыкты — ЖМК

Kaktus Media басылмасынын журналисттери укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Чүй ОИИБнин башчысы Самат Курманкулов комадан чыкканын маалымдашты.

«Курманкулов өзүн жакшыраак сезип калды. Ал азырынча сүйлөй элек, бирок бардык кыймылдарды байкап, реакция кылат», — деп келтирди булактын айткандарын басылма.

Бирок Чүй ОИИБнин басма сөз кызматынан бул маалыматка комментарий берүүдөн баш тартышты. Саламаттык сактоо министрлигинен да жабыркаган милиционердин ден соолугунун абалы жакшырганын тастыктап беришкен жок.

Курманкулов 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча уюштурулуган милициянын штурмунда башынан жаракат алган. Ал чукул ооруканага жеткирилип, дарыгерлер анын баш сөөгүнө операция жасашкан. Ал комага түшүп калып, эки операцияны башынан өткөргөн. 12-августта Курманкулов дарыланууга Москвага жеткирилген.