Ош шаарына Орусиядан келген 17 мугалим орус тилин өнүктүрмөкчү

Ош шаарына 27-августта Орусиядан атайын келишим менен 17 мугалим келген. Алар калаадагы орус мектептерине бөлүшүрүлүп, сентябрдан баштап иштей башташты.

Мындай тажырыйба Кыргызстанда биринчи жолу болуп жаткандыгын «Клоопко» шаардык билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Венера Давыдова билдирди.

«Мугалимдер орус тилдүү мектептердеги кадр жетишпестигин толуктоо жана орус тилин өнүктүрүү максатында келишкен. Орусия менен Кыргызстандын билим берүү министрликтери бир жылга келишим түзүштү», — дейт Давыдова.

17 мугалимдин сегизи орус тилинен, жетөө башталгыч класстарга, экөө математикадан сабак бермекчи. Окутуучулар Орусиянын окутуу ыкмасын колдонуп, Кыргызстандын окуу планы менен иш алып барышат.

«Келген мугалимдердин жол чыгымдарын, убактылуу турак-жай акысын демөөрчү каржылады», — деп кошумчалашты башкармалыктан.

Кыргызстандагы мектептерде 79 миңдей мугалим эмгектенет. Билим берүү министрлиги «Азаттык» үналгысына билдиргендей, өлкө боюнча информатика, физика, химия сабагын окуткан мугалимдер жетишпейт.