Милиция Бишкектеги мушташка катышкандарды издеп табууну убада калды

Сүрөт: «АКИпресс»

Бишкек шаардык ИИББнин жетекчилиги төрт кишинин катышуусундагы 28-августта орун алган мушташка байланыштуу басма сөз жыйын өткөрдү. Милиционерлер менен жолугушууга жабырлануучулардын туугандары келишкен.

Бишкек милициясынын башчысы Канат Жумагазиев билдиргендей, учурда изделип жаткан мушташтын эки катышуучусу Кыргызстандан башка өлкөгө чыгып кетүүгө аракет кылышкан. Жумагазиев алар так кесе кайда кеткилери келгенин тактаган жок.

Жабырлануучулардын туугандары менен жолугушууга Ленин РИИБнин башчысы Мадияр Кулуев да келген. Ал милиционерлер мушташтын катышуучуларын кармашат деп убада кылды. Мушташ Ленин районуна караштуу аймакта орун алган.

«Аларды колго түшүрүү — ар-намыс иши [...] Айта кетсем, эгер менин күнөөм болсо, анда дароо отставкага кетмекмин», — деди ал.

Буга чейин ИИМ Чүй ОИИБнин майорун кызматынан бошоткон — анын инисине мушташка катышкандыгы үчүн издөө жарыяланган. Мурдагы милиционер УКМКга суракка чакырылган.

Мындан тышкары, Ленин РИИБинин тергөө кызматынын башчысы менен тергөөчүсү кызматтарынан бошотулуп, ушул эле РИИБдин инспектору менен кезметчинин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Төрт адам катышкан мушташ Ахунбаев жана Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 28-август күнү эртең менен орун алган. Жыйынтыгында эки адам оор жаракаттарды алган. Алардын бирөөсү кийинчерээк комага түшүп калган, бирок врачтар анын өмүрүн сактап кала алышкан. Экинчи жабырлануучуга операция керектелүүдө. Дарыгерлер алардын абалын «туруктуу, бирок оор» деп баалашууда.