ЖМКлар Нарын облусунун башчысы отставкага кеткенин кабарлашты. Аткаминердин администрациясы муну четке какты

4-сентябрь күнү кечинде бир нече кыргыз басылмалары өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов отставкага кетти деп маалымдашкан. Журналисттер бул маалыматтардын бардыгында өкмөттөгү булактарына таянышкан.

Алардын маалыматына ылайык, Кайыпов кызматынан кетүү тууралуу өзү арыз жазган, ал эми анын ордуна Нарындын учурдагы мэри Эмил Алымкулов дайындалмакчы.

Кайыповдун ыктымал отставкасынын себептерин кабарлашкан жок, бирок бул жаңылыктар Нарын облусунун Кеңеш айылында контейнерлерден куралган мектептин ачылышынын айланасындагы жаңжалдын шартында пайда болгон.

Бирок өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев 5-сентябрь күнү эртең менен жетекчиси отставкага кеткендиги тууралуу маалыматты «Клоопко» курган маегинде төгүнгө чыгарды. «Эгер ошондой болгон болсо айтылмак да. Ал расмий түрдө иштеп эле жатат», — деди ал.

Материал жарык көрөөр маалда Аманбай Кайыпов комментарий алуу үчүн жеткиликсиз болгон. Ошондой эле «Клооп» өкмөттүн басма сөз кызматы менен да байланышка чыга алган жок.

Авторлошу: Элвира Султанмурат кызы