Аскер лицейинен 50дөй окуучу качып кеткен — ЖМК

24.kg маалымат агенттиги өз булактарына таянып Дайыр Асанов атындагы аскер лицейинен 50гө чукул окуучу качып кеткенин жазып чыкты. Алардын маалыматы боюнча, окуя 5-сентярбда болгон жана качып кеткендердин баары 11-класста окушкан.

Журналисттердин маалыматына ылайык, окуучулар «күн тартибинин катаалдыгы жакпагандыктан» качып кетишкен.

«Короче» телеграм каналы билдиргендей, лицейден өзүм билемдик менен 56 адам кетип калып, кийинчерээк 54ү кайтып келген. Лицейден «Клооптун» кабарчысына бул жөнүндө «маалыматы жок» экенин айтып, комментарий берүүдөн баш тартышты.

Башкы штабдын басма сөз кызматы «Спутникке» кабарлагандай, лицейдин окуучулары «Түштүк магистралдан чуркап келүү үчүн» окуу жайдан ээн баштык менен кетип калышкан. Лицейдин жетекчилиги аларга профилактикалык сүйлөшүү жүргүзгөн.