Отставкага кеткен Нарындын башчысына «ардактуу атуул» наамы берилди

Аманбай Кайыпов. Сүрөт: «Турмуш»

Өкмөттүн Нарын облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов «Ардактуу атуул» наамын алды. Бул наамды ага Кайыповдун ордуна облус башчылыгына келген Эмилбек Алымкулов ыйгарды.

Кайыпов эмгек жамааты менен 6-сентябрда коштошту. Анын облуска кошкон салымы үчүн үч суусар тебетей кийгизилип, жылкы белекке берилди.

Анын басма сөз катчысы Майрамбек Өмүрбаев Кайыпов «алты жылдык эмгеги, анын ичинде сүт заводун ачкандыгы жана Ат-Башыда соода логистикалык борборун ачуу тууралуу келишимге колкойгону үчүн» сыйланганын билдирди.

Бирок соңку айларда Нарын облусунда коомчулуктун көңүлүн бурдурган бир катар окуялар болгон. Августтун башында Солто-Сары кенинде кытай инвесторлору менен кенге жакын жайгашкан айылдардын тургундуранын ортосунда чыр чыккан. Ал учурда маселени чечүү үчүн Солтон-Сарыга вице-премьер-министр Кубатбек Боронов барып келген.

Сенбярь айынын башында Кеңеш айылында контейнерлерден куралган мектепти ачуу чечими үчүн Нарын облусунун бийлиги кайрадан сынга алынган. Айылдагы жападан-жалгыз мектептин имараты авариялык абалда.

Ушул окуялардын шартында Кайыпов 5-сентябрда отставкага кеткен. Эртеси күнү ал Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысынын орун басары болуп дайындалганы белгилүү болгон. Кайыпов бул кызматка Жыргалбек Сагынбаевдин ордуна келген.