УКМК мушташкандарды коё берген милиционерлерди кармады

Материал 13:54тө жаңыртылды.

28-августта Бишкекте орун алган аёосуз мушташтын катышуучуларын коё берген ИИББдин кызматкерлери 6-сентябрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылган. Сурактан кийин эки милиция кызматкери кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилгенин УКМКдан ырасташты.

Кармалган милиционерлердин адвокатынын айтымында, алар мушташтын катышуучуларын коё беришкен эмес, кезмет бөлүмүнө тапшырышкан жана аларды ошол жактан коё беришкен.

«Коргоого алган адамдарым окуя болгон жерге барып, ээнбаштарды алып кетишип, аларды ГОМ-2 кезмет бөлүмүнө тапшырышкан. Тергөөчү алардан окуя тууралуу рапорт менен түшүндүрүү кат алган. Андан ары ээнбаштар жабырлануучуларга арыз жазышкандан кийин аларды коё беришкен. Тергөөчү, кезмет бөлүмүнүн кызматкери, кол салгандардын бирөөсүнө тууган келген милициянын майору жана мобилдик топтун жетекчиси эркиндикте жүрүшөт. Кардарларымдын айыбы жок экендигине далилдер бар — видеокамералардын съемкалары, рапорт жана арыз. Бирок УКМКнын тергөөчүсү аларга тийиштүү баа берген жок. Эң ылдыйкы звенону эле кармап, калгандарын жоопкерчиликке тартпай жатышкандай болуп жатпайбы», — деп келтирет Жыргалбек Бабаевдин айткандарын 24.kg басылмасы.

Буга чейин мушташтын катышуучуларын коё берген кызматкерлерге жана аларды коё берүүгө көндүргөн майорго каршы кылмыш иш козголгону маалымдалган. Милициянын майору мушташкандардын тууганы экени белгилүү болгон.

Ал бул окуядан кийин «ишенимди жоготкону үчүн» милициядагы кызматынан бошотулган. Мурдагы майор «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «кылмышты жаап-жашыруу» беренелери боюнча айыпталууда. Мындан тышкары, Ленин РИИБинин тергөө кызматынын башчысы менен тергөөчүсү кызматтарынан бошотулуп, ушул эле РИИБдин инспектору менен кезметчинин жардамчысына катуу сөгүш жарыяланган.

Милиция мушташтын катышуучуларын издөөгө жарыялаган. Алар 6-сентябрда өз ыктыяры менен милицияга келишкен, бирок укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, көрсөтмө берүүдөн баш тартышууда.

Алар «Адам өлтүрүүгө кол салуу» беренеси боюнча шектелүүдө. Кармалгандар 10 жылдан тарта өмүр бою эрктеринен ажырап калышы мүмкүн.

Төрт киши катышкан аёсуз мушташ Бишкектин Ахунбаев менен Курчатов көчөлөрүнүн кесилишинде 28-августта орун алган. Мушташтын жыйынтыгында эки киши оор жаракат алган. Кийинчерээк алардын бирөө комага түшүп, дарыгерлер анын өмүрүн сактап калышкан. Экинчи жабырлануучуга операция талап кылынат.