БШКнын мүчөсү Токтогул шаардык кеңешинде гендердик квотаны сактоону талап кылды

Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү Назарали Арипов 13-сентябрда өткөн жыйында парламенттерде аялдар үчүн орундарды бекитүүдө аялдардын квотасы сакталышы керектигин эскертти. Жыйында БШКнын мүчөлөрү жергиликтүү кеңештерде мандаттарды өткөрүп берүүнү талкуулашты.

Комиссия мүчөлөрүнүн ортосундагы айтыш Токтогул шаардык кеңештеги бош кызмат орунунун айынан чыккан. БШКнын мүчөлөрү бош кызмат орунга мандатын тапшырган депутат Курманжан Умарованын ордуна депутат Урмат Тойчубековду бекитүү тууралуу документти карап жатышкан.

Назарали Арипов депутат айымдын шаардык кеңештеги ордун эркекке эмес, аял кишиге бериш керек деп айткан. БШК мүчөлөрү мандатты өткөрүп берүү тууралуу документтерди кайра толуктап иштеп чыгууга жөнөтүүнү чечишкен.

Жогорку Кеңештин депутаттары 2019-жылы июлда мыйзам долбоорун жактырышкан. Ага ылайык, жергиликтүү кеңешке шайлоолордо аялдарга мандаттардын 30% кем эмеси берилген.

Соңку үч жылдан бери бүткүл өлкө боюнча депутат аялдардын саны 11 пайыздан ашпай келет. Учурда өлкө боюнча 8700 эл өкүлүнүн ичинен депутат айымдардын саны миңге жетпейт.

Жетекчилик кызматтарда аялдардын жоктугу тууралуу экс-президент Роза Отунбаева да марттын башында конференцияда айтып чыккан.

Анын ою боюнча, өлкөгө «караңгы заман» келди — аялдарды жетекчилик кызматка жолотушпайт жана аларга социалдык маселелерди чечүүгө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Отунбаеванын айтымында, өлкөдө 7 губернатор, 40 аким жана 35 мэр иштейт — алардын ичинде бир да аял жок.

Бул тема боюнча кошумча: