Кыргызстан Тажикстандан такталбаган аймакта иштерди жүргүзүүнү токтотууну талап кылды — Чек ара кызматы

Баткен районундагы чек арага чектеш аймак. Сүрөт: "Турмуш" басылмасы

Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстан чек арага чектеш эки аймакта курулуш иштерин баштаганын тастыктады. Маселелерди чечүү үчүн 15-сентябрда Баткен облусуна мекеменин башчысынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев жөнөп кетти.

Ведомствонун маалыматына ылайык, биринчи курулуш 14-сентябрда саат 11:00 чамасында Баткен облусундагы Лейлек районунун Максат калктуу конушундагы белгиленбеген тилкеде башталган.

«Ошол эле күнү Кыргызстандын жана Тажикстандын чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болгон. Кыргыз тарап такталбаган аймакта макулдашпаган иштерди жүргүзүүнү токтотууну талап кылды», — деп айтылат маалыматта.

Экинчи курулуш иштери Баткен районундагы Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) аймагында саат 16:00 чамасында башталган. Такталбаган аймакка коңшу өлкөнүн жарандары 10 жүк ташуучу унаа шагыл түшүрүшкөн. Муну менен аянтча алдыда жүргүзүлчү иштерге даярдалган. Андан соң аймакта эки өлкөнүн жарандары чогулуп, кечке жуук тарашкан.

Чыр күчөп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек ара кызматы чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү. Мындан тышкары чек арага чектеш жашаган эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Тема боюнча: Тажикстан чек арага чектеш жерде курулуш иштерин баштаганы жатат — ЖМК