Тажикстан такталбаган аймакта курулуш ишин жүргүзүүнү улантып жатат — Чек ара кызматы

Кыргызстандын чек ара кызматынан «Клоопко» учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу болгонун билдиришти. Тажикстан Баткен облусунун Лейлек районундагы такталбаган аймакта баштаган курулуш иштерин токтоткон, бирок Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында иштер дагы деле уланып жатат.

Мекеменин басма сөз кызматчысы Гүлмира Бөрүбаева маалымдагандай, аталган аймакта коңшу өлкө эмне куруп жаткандыгы азырынча белгисиз.

«Негизинен чек арадагы такталбаган аймакка кандайдыр бир курулуш жүргүзүү алдында эки тарап макулдашуусу шарт. Тажикстан такталбаган аймактарга курулуш баштоосу тууралуу маалымдаган эмес. Биз талаптарды коюп билдирүү жасадык, бирок тажик тарап жооп бере элек», — деп түшүндүрдү Бөрүбаева.

«Озоди» үналгысы 15-сентябрда Тажикстан Кыргызстанды такталбаган аймакта чек ара бекетин куруп жатканына жемеледи деген аталышта макала жарыялады. Басылма анонимдүү булагына таянып бекет Исфара — Ворух жолундагы такталбаган жерге орнотулаарын билдирди.

Кыргызстандын чек ара кызматы чек ара бекетин такталбаган аймакта эмес, Ак-Сай айылындагы Дача жергесинде курулуп жатканын маалымдады.

14-сентябрда Тажикстан чек арага чектеш эки аймакта курулуш иштерин баштаган. Биринчи курулуш саат 11:00 чамасында Максат калктуу конушундагы белгиленбеген тилкеде, ал эми экинчи курулуш иштери Баткен районундагы Жака-Өрүк (Төрт-Көчө) аймагындагы такталбаган жерде саат 16:00 чамасында башталган. Аталган аймакка коңшу өлкөнүн жарандары 10 жүк ташуучу унаа шагыл түшүрүшкөн.

Андан соң аймакта эки өлкөнүн жарандары чогулуп, кечке жуук тарашкан. Чыр күчөп кетпеши үчүн Кыргызстандын чек ара кызматы чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү.