Чек ара жаңжалында жабыркагандар учак менен Бишкекке жеткирилди

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасында атышуудан улам жарадар болгон он адам 17-сентябрда аскерий транспорттук учак менен Бишкекке алынып келинген. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алар шаардык ооруканаларда даарыланышат.

Алар 16-сентябрь күнү кечки маал Лейлек районунун Максат айылында орун алган ок атышуунун натыйжасында жабыркашкан.

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердигулова «Азаттыкка» маалымдагандай, жаңжалдын айынан жергиликтүү тургундарды эвакуациялоо болгон эмес. Анын айтымында, мектептер менен ооруканалар кадимки тартипте иштеп жатат.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, чыр-чатакта бир адам каза таап, дагы 13ү жарадар болгон, алардын ичинен үчөө оор абалда. Тажик бийлиги өз тарабынан 12 адам жарадар болгонун кабарлоодо.

Тажикстандын Asia-Plus басылмасы күч түзүмдөрүндөгү булактарына таянып үч адам каза тапканын кабарлаган.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына ылайык, куралды биринчи тажик тарап колдонгон. Бирок Тажикстандын УКМКсынын чек ара кызматы окту биринчи кыргыз тарап чыгарганын билдирген.