Тажикстандын ТИМи чек ара чырына байланыштуу кыргыз тарапка нота тапшырды

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 17-сентябрда эки өлкөнүн чек араларындагы жаңжалдын шартында Кыргызстанга нота тапшырды. Тажик ТИМине Кыргызстандын иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү чакыртылган.

Тажикстандын ТИМи «кезектеги жолу мурда жетишилген макулдашууларга карабастан мамлекеттик чек аранын делимитациялана элек тилкесинде объекттердин курулушун баштаган» кыргыз тарапка каршылык нотасын билдирди.

Тажикстандын ТИМи «кыргыз тарап Тажикстандын Бахор айылынын тургундарына каршы ок атуу куралын колдонгон 250-300 аскер кызматкерин тарткан» деп билдирди.

«Ошондуктан Тажикстандын чек арачылары тынч жаткан жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн жооп кайтаруу чараларын көрүүгө аргасыз болушкан», — деп айтылат Тажикстандын ТИМинин маалыматында.

Тажикстандын тышкы саясий ведомствосунун версиясы боюнча, «кыргыз аскерлеринин чагымчыл аракеттеринен улам» Тажикстандын үч аскер кызматкери каза тапкан, ал эми тургундар «ар кандай оор деңгээлдеги» жарааттарды алышкан.

Бул Кыргызстандын ТИМинин аракеттерине реакция болду. Кыргызстандын ТИМи 17-сентябрда Тажикстандын элчиси Сухроб Ходжа Олимзодага каршылык нотасын тапшырган болчу.

Кыргыз ТИМи Тажикстандын чек ара кызматкерлеринин «укукка каршы аракеттерине чечкиндүү каршылыгын» билдирген.

Тышкы иштер министрлигинен белгилешкендей, тажик тараптын аракеттери үстүбүздөгү жылдын жайында чек ара маселелерин талкуулашкан эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмондун жолугушууларынын жүрүшүндө жетишилген «макулдашууларга дал келбейт».