Тажик жарандары такталбаган аймакта курулуш иштерин токтотушту — Кыргызстандын чек ара кызматы

Кыргызстандын чек ара кызматы маалымдагандай, Тажикстандын жарандары 18-сентябрь күнү кечке жуук Баткен облусундагы Баткен районунун Жака-Өрүк аймагындагы чек аранын такталбаган жер тилкесинде курулуш иштерин токтотушкан.

Баткен облусу боюнча чек ара кызматынан «Клоопко» кабарлашкандай, курулуш иштери Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрүнүн ортосундагы сүйлөшүүлөрдөн кийин токтотулган.

Кыргыз бийлигине тажик жарандары эмне куруп жатканы белгисиз болгон. Эки өлкөнүн чек ара кызматтары талаштуу чек ара тилкелеринде чыр-чатактарды болтурбоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнү улантып жатышат.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышуу 16-сентябрь күнү кечинде орун алган. Атышуунун натыйжасында бир кыргыз жана үч тажик аскери каза тапкан. Кыргыз бийлиги 13, тажик бийлиги 12 адам жарадар болгонун кабарлаган.

Кыргызстан менен Тажикстан орун алган окуя үчүн күнөөнү бири-бирине оодарышып, элчилерге каршылык ноталарын тапшырышкан.