УКМКнын атын жамынып орусиялыктарды тоногондор кармалды

Чүй ОИИББнин басма сөз кызматы кабарлагандай, карактоого шектелгендер 18-сентябрь күнү кечинде кармалган.

Алар 17-сентябрда орусиялык жарандар отурган машинаны токтотушуп, өздөрүн Кыргызстандын УКМКсынын кызматкерлерибиз деп тааныштырышкан.

Мындан кийин алар орусиялыктардын документтерин сурашып, алардын баштыктарын карап чыгышып, байкатапай 10 миң рубль акчасын чыгарып алып качып кетишкен.

Милиция карактоого шектелгендер УКМКда иштебегенин аныктаган.

ИИББден билдиришкендей, аларга карата «Уурдоо» беренеси боюнча сотко чейинки териштирүү иштери башталып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.