«Апрелдин» сайтына бир сутка ичинде беш жолу хакердик чабуул жасалган

«Апрель» интернет каналынын редакциясы 19-сентябрда кабарлагандай, каналдын сайты бир сутка ичинде беш жолу DDoS чабуулуна кабылган.

DDoS чабуулу — чабуулдун сервер же сайтка карата эң эле көп жайылган ыкмаларынын бири. Чабуул учурунда талап кылынган ресурска эң көп сурам жөнөтүлүп, сервер бардыгын иштеп чыгууга үлгүрбөй калат. Ошондуктан сайттардын же сервистердин ишинде мүчүлүштүктөр жаралат. Кээде алар таптакыр эле өчүп калышы мүмкүн.

«Техникалык адистерибиздин белгилешинче, бешөө тең чабал уюшулган. Алар өз убагында блоктолду», — деп айтылат каналдын билдирүүсүндө.

Ошондой эле редакция бир айдан ашык убакыт мурун белгисиз булак жашыруун түрдө аларга боло турчу «катуу» хакер чабуулдары тууралуу алдын ала эскерткенин билдирди.

«Өздүк булагыбыздын билдиргенине караганда, ал чабуулдардын максаты — тексттерге өзгөртүүлөрдү киргизип, “Апрель” телеканалынын редациясын “Улут аралык кагылышуу” жана “Бийликти күч менен басып алууга чакырык таштоого” айыптоо. Анонимдик булак IT-адистерине буюртма Кыргызстандын президентинин аппаратынан болгонун билдирген», — деп айтылат «Апрельдин» кабарында.

Өлкөдөгү саясий кырдаалды жана телеканалдын «күч менен жабылгандыгын» эске алуу менен редакция бул версияны «чындыкка жакын» деп эсептейт.

Материал жарык көрөөр алдында комментарий алуу үчүн «Клооптун» президенттик администрациянын басма сөз кызматы менен байланышууга жасаган аракетинен майнап чыккан жок.

Бийлик «Апрель» телеканалынын кеңсеси менен мүлкүн 9-августта камакка алган. Бул Атамбаев кармалган күндүн эртеси болгон. Бийлик камакка алуунун себебин мурдагы президенттин «оор кылмыштарды жасоого» шектелип аткандагы менен түшүндүргөн.

Спецназчылар журналисттерди имараттын ичинен чыгарып, телеканалдын кеңселери жайгашкан кабаттагы иш бөлмөлөрдүн бардыгын жаап коюшкан. Бир ай өткөндөн кийин «Апрель» редакциясы интернетте обого чыгууга өтөөрү тууралуу билдирген.