Өкмөттүн аппаратынын аткаминери кармалып тергөө абагына киргизилди

Бир нече басылма укук коргоо органдарындагы булактарына таянып, Егор Скобеевдин кармалышы тууралуу маалымдашты. Алардын маалыматына ылайык, өкмөт аппаратынын талдоо жана божомолдоо секторунун башчысы коррупцияга шектелүүдө.

«Азаттык» кабарлагандай, Биринчи май райондук сотунун чечими менен Скобеев ноябрга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына алынды.

Егор Скобеев — «Коопсуз шаар» долбоорунун ишке ашышына жооп берген аткаминерлердин бири. Бир нече күн мурун, 17-сентябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев долбоордун биринчи баскычы үчүн ага ыраазычылык билдирген.

Скобеев өкмөттүн аппаратында 2007-жылдан бери эмгектенип, коргоо жана укук тартиби бөлүмүнө жооп берген. Мамлекеттик кызматта 20 жыл иштеген, милициянын полковниги жана мамкызматтын биринчи класстагы кеңешчиси чинине ээ.