Билим берүү министрлиги Оштогу мектептерге таратылган 55 миңдей китеп ката басылганын тастыктады

Ош шаарындагы мектептердин 5-6-класстарына 2019-жылдын сентябрында кыргыз тили, информатика, математика, адам жана коом сабактары боюнча жаңы басылган китептер таратылган. Шаардык билим берүү башкармалыгы «Т-Медиа» басылмасына 19-сентябрда 55 миңге чукул китеп ката басылганын билдирген.

«Кыргыз тилдүү мектептерге таратылган 10 миң 800, орус тилдүү мектептердеги 35 миң 280, өзбек тилдүү мектептерге берилген 8 миң 400 китепте каталар табылган», — деп маалымдаган мекеменин жетектөөчү адиси Дилбар Самидинова.

«Клооптун» журналисттери бул боюнча кеңири интервью алуу максатында Самидиновага байланышканда, ал билим берүү министрлигинен маалымат берүүгө чектөө коюшканын айтып комментарий берүүдөн баш тартты.

«Массалык маалымат каражаттарынын дээрлик 90 пайызына маалымат бердим. Мындан кийин китептердеги каталар тууралуу маалымат берүүнү билим берүү министрлиги бере турган болду, бизге токтоткула дешти», — деп түшүндүрдү Самидинова.

Министрликке караштуу Кыргыз билим берүү академиясынын президенти Алмазбек Токтомамбетов «Клоопко» жаңы окуу жылында таратылган китептердин арасында ката басылгандары бар болгонун тастыктады.

«Окуу китептериндеги грамматикалык каталарды Индия жана Вьетнамдын басмаканаларына жөнөтүүдөн мурда текшериш керек болчу. Ал эми мукабалардын тескери болушуна, кээ бир барактардын жабышып же болбосо аттап кеткен кемчиликтерге чет элдик басмаканалар жооптуу», — деп билдирди Токтомамбетов.

Анын айтымында, учурда министрлик каталарды оңдоо боюнча типографиялар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Ал эми грамматикалык каталары бар барактар үстүнө түзөтүү кагазы чапталып таратылууда.

Билим берүү министрлигинен жалпысынан 33 наамдагы 3 млн 300 миң окуу китеби басылганын маалымдашты. Алардын көпчүлүгүн Индия менен Вьетнамдын типографиялары чыгарган. Министрликтен өлкөдөгү мектептерге таратылган китептердин канчасы ката басылганын айта алышкан жок.

Катасы бар китептер

Билим берүү министрлиги китептерде кетирилген каталарга байланыштуу биринчи жыл эле сынга алынып жаткан жок. 2018-жылы октябрда журналисттер 5-класстын окуучулары үчүн география боюнча китепте миңден ашуун каталарды табышкан.

Ошондо билим берүү министрлигинен окуу китептердеги каталар «Билим-компьютер» басмаканасынын айынан пайда болгон деп кабарлашып, аларды сотко беришээрин билдиришкен. Бирок, кийинчерээк 2017-жылдын ноябрына чейин басып чыгарылып аткан китептердин мазмунун ведомство таптакыр текшербегени белгилүү болгон, болбосо ага жыл сайын ондогон миллиондогон сомдорду сарпташкан.

2017-жылы ноябрда билим берүү министрлиги өзүнүн техникалык комиссиясын техникалык-эксперттик комиссияга өзгөртүп, анын артына мамтил бөлүмү менен Илимдер академиясынан эки кызматкерди бекитип берген. Бирок бул жаңы китептердеги каталарга жол бербөөдөн сактап калбаганы байкалып турат.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылы августтун аягында парламенттин отурумунда билим берүү министрлиги окуу китептериндеги каталар маселесин «катуу көзөмөлгө алышы» керек деп билдирген. Мындан көп өтпөй мурдагы билим берүү министри Гүлмира Кудайбердиева кызматынан бошотулган.