Видео: Кызыл-Кыя шаарындагы «Заря» кинотеатры өрттөндү

ӨКМдин Кызыл-Кыя шаары боюнча башкармалыгынан «Клоопко» билдиришкендей, өрт тууралуу маалымат министрликке 25-сентябрга караган түнү саат 01:18де түшкөн. Тилсиз жоо төрт сааттан кийин өчүрүлгөн. Кырсыктан жабыркагандар жок.

«Өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, өрт отту шалаакы пайдалануудан келип чыгышы мүмкүн. Анткени кинотеатрдын имаратында оңой өрттөнүүчү таштандылар үйүлгөн болчу», — деп маалымдашты башкармалыктан.

ӨКМден тилсиз жоодо кинотеатрдын чатыры күйүп кеткенин кошумчалашты.

«Заря» кинотеатры союз маалында курулган. 2007-жылы кинотеатр жеке менчикке берилип кеткен. Анын имаратында баш калкалоого үйү жоктор жашачу.