Атамбаевдин жансакчысы 8-октябрга чейин камакта калтырылды

Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаевди 8-октябрга чейин камакта калтырды. Анын адвокаты сот чечимин даттанат.

Сагымбаев боюнча соттун чечими 26-сентябрда чыккан.

Адвокат Замир Жоошевдин айтымында, Сагымбаевди атайын эле ТИЗО-1ге киргизишкен, анткени «ага басым көрсөтүп, сындырайын» деп жатышат: бул тергөө абагында «аскерлерге ар кандай мамиле кылышы мүмкүн болгон криминалга байланыштуу адамдар» отурушат.

Жоошев айтымында, мыйзам боюнча шектелип аткан аскер кызматкерлери гауптвахталарда кармалышы керек.

Адвокат Сагымбаевдин баш коргоо чарасын үй камагына же эч жакка кетпөө тууралуу тил катына өзгөртүүгө аракет кылаарын айтты «Клоопко», анткени чечимди «адилетсиз жана гуманндыгы жок» чара деп эсептейт.

Сагымбаев — күзөткө жооптуу УКМКнын 9-кызматынын мурдагы кызматкери. Ал 25-сентябрга караган түнү кармалган.

Ал «Альфа» спецназынын кызматкеринин өлүмүнө кол салгандыгына жана дагы башка беренелерди бузгандыгы боюнча шектелүүдө. Алардын арасында «Массалык башаламандык уюштуруу», «Кызыматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» жана «Тергөө органдары же башка кызматтык органдардын ишине тоскоолдук кылуу» бар.

Мунун баарын, тергөөнүн версиясы боюнча, Сагымбаев августтун башында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операциянын учурунда Кой-Ташта жасаган.

Сагымбаев экс-президентке мамлекет тарабынан берилген — мурдагы өлкө башчылары Кыргызстанда, эгер Атамбаев менен болгондой, бул макамдан ажыратылышпаса өмүрлөрүнүн аягына чейин күзөттөө алышат.

Кой-Таштагы атайын операциядан бир ай өткөн соң Сагымбаев «кызматына толук шайкеш келбегени»үчүн кызматынан бошотулган. УКМКдан ошондо Сагымбаев «ички тартиптерге карабастан ЖМКлар менен байланышка барганын», кызматтык куралды өткөрүп бербей койгонун жана атайын техниканы кайтарбаганын билдиришкен.

Адвокат Жоошев өз кезегинде, мамлекет, коргоп жаткан адамын соттогондун ордуна ага ыраазылычылыгын айтышы керек деп эсептейт.

«Кой-Таштагы окуяларга кайтып келе турган болсок, ал “Альфанын” ушунча көп кызматкерин өлүмдөн, ар кандай жаракаттарды алуудан жана чаржайыт жарааттардан куткарган. Ага ыраазычылык билдирип, сыйлык бергендин ордуна аны отургузуп, адамдын өмүрүнө кол салган деп айыпташууда», — деп айтып берди Жоошев «Клоопко» курган маегинде.