Ош милициясы «Азаттыктын» операторуна Матраимовдун жакындары кол салганын тастыктады

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы «Клоопко» маалымдагандай, 28-сентябрь күнү «Азаттыктын» кызматкери Айбек Кулчумановго кол салган кишилер бажы башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун жакындары болуп кетишет жана анын үйүндө жашашат.

«Учурда алардын аракетинде кылмыштын курамы бары-жогу териштирилип жатат. Ошол эле мезгилде “Азаттыктын” жүргүзгөн иш-аракеттери да териштирилип жатат. Бул жерде эки тараптын жүйөөлөрүн угуп, күбөлөрдү сурап туруп иш жүргүзүш керек», — деп билдирди Ош ШИИБнин басма сөз катчысы Замир Сыдыков.

Ал Кулчумановго карата арызды Матраимовдордун жакындары жазып, оператор «жеке менчикке кирип барганын» билдиришкенин кошумчалады.

Кулчуманов 28-сентябрда Матраимовдун үй-бүлөсүнөн анчейин алыс эмес жерде дрон менен тасма тарткан. Андан кийин төрт белгисиз эркек ага кол салып 1,5 млн сомдук жабдууларын тартып алышкан. Анын ичинде операторго таандык документтер, ошондой эле дронду башкаруу пульту да болгон.

Кол салган кишилер тартып алышкан техниканы ошол эле күнү кечинде кайтарып беришип, Кулчумановго карата милицияга арыз жазышкан. Мындан тышкары, башына «Азаттыктын» оператору башкарган дрон кулап түшкөнүн айткан адам да милицияга кайрылган. Милиция «Карактоо» беренеси менен сотко чейинки өндүрүштү баштады.

Тема боюнча: Аида Касымалиева «Азаттыктын» журналистине кол салууну «кылдат иликтөөнү» талап кылды