Ата-энелерден акча топтогон мугалимдер жумуштан алынат — Билим берүү министрлиги

Билим берүү министри Каныбек Исаков мектептерде ата-энелерден акча чогултууга тыюу салды. Тиешелүү буйрукка министр 2-октябрда кол койду.

Министрликтин башкы адиси Гүлшан Абдылдаева «Клоопко» мектеп жамаатына камкордук кеңештердин ишине да кийлигишүүгө чектөө коюлганын, буйрукка баш ийбегендер жумуштан четтетилээрин билдирди.

«Мектеп мугалими балдардын билим сапатына эмес, чөнтөгүнө карап калган. Ошондуктан акча чогултууларга тыюу салып жатабыз. Эгерде жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери же педагогдору тарабынан мыйзамсыз каражат топтоо же окуучуларга, алардын ата-энелерине моралдык басым көрсөтүлгөн факт аныкталса, тартиптик жаза чараларын көрүү менен кызмат орундарынан бошотуу жазасы колдонулат», — деп түшүндүрдү Абдылдаева.

Буйрук кабыл алынган күнү мектептеги акча чогултууларга нааразылыгын айтып 50 чакты адам Жогорку Кеңештин жанына митингге чыкты.

Митингди уюштурган Замира Мамбетованын айтымында, министрдин акча чогултуулар тууралуу буйругу буга чейин кабыл алынгандарынан эч айырмаланбайт.

«Мындай буйрукту 2014-2017-жылдары кабыла алышкан, бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Буйрукта мектеп жетекчилиги жана мугалимдер акча чогултушкан эмес деп жазылган, бирок акчалар чогултулбайт. Акчаны ата-энелер чогултат, алар болсо каршы чыга алышпайт. Анткени басымга кабылышат», — деп келтирет Мамбетованын айткандарын «Kaktus Media» басылмасы.

Анын айтымында, акцияга Талас, Ош жана Чүй облустарынан келген мектеп окуучуларынын ата-энелери катышкан.

«Фонддор аркылуу жасалып жаткан коррупцияга каршыбыз. Министрдин мыйзамсыз акча чогултууларга тыюу салуу буйругу кырдаалды өзгөртө албайт. [Мектептерде] айына бир млн сом чогултушат», — деп билдирген AKIpress басылмасына нааразылык митингине чыккандардын бири.

Бул мектептеги акча топтомойлорго каршы биринчи эле акция эмес. Буга чейин Чүй облусунун Военно-Антоновка айылында өткөн митингге 50дөн ашуун ата-эне чогулган.

Тема боюнча: Ата-энелер мектептеги Камкордук кеңешке акча берүүгө милдеттүүбү?