«Коопсуз шаар» иштеп баштагандан бери 14 камера жарактан чыкты

Кыргызстандин ИИМнин басма сөз кызматы маалымдагандай, «Коопсуз шаар» эреже бузууларды видео аныктоо долбоору иштеп баштагандан бери белгисиз адамдар 14 камераны сындырып, уурдап же зыян келтиришкен.

«Ок атуучу куралды колдонуу менен камераларды атуу фактылары бар, мындан тышкары, тартип бузуучулар ушул видео байкоо камераларын уурдап кетүүгө чейин барып жатышат», — деп билдиришти ИИМден.

Алардын маалыматына ылайык, мамлекетке келтирилген зыян «миллиондоп саналат», ал эми айрым жарандар жада калса бийик бекитилген камераларды да талкалашууда. Милиция камераларды талкалоого шектүүлөрдү издеп жатат, алар «миллиондогон сомго келтирилген зыянды» төлөп берүүгөө милдеттендирилишет.

«Тажрыйба көрсөткөндөй, видео камераларды жайгаштыруу жол кырсыктарын алдын алуу багытында оң жыйынтыктарга алып келет, муну жолдордо өлүмдөрдүн жана кырсыктардын санынын азайганы айтып турат [...] Адам өмүрүнөн кымбат нерсе болушу мүмкүнбү? Ойлонуш керек», — деп билдирген ИИМ өз кайрылуусунда.

Бийлик «Коопсуз шаар» долбоорун 2019-жылы жазында Бишкек жана Чүй облусунда ишке киргизген. Камералар айдоочулар бузган жол кыймылынын эреже бузууларын каттайт.

Учурда жол эрежесин бузуу үчүн авто сүйүүчүлөргө 1000 сомдон 5500 сомго чейин штраф салынат. Парламент депутаттары өлкөдө маянанын аздыгын эске алуу менен бир нече жолу айып өлчөмдөрүн азайтууну идеясын колдоп чыгышкан.