Депутат Искендер Матраимов «Азаттыкка» каршы ЖМКларга даттануу боюнча комиссияга кайрылды

ЖМКларга даттануу боюнча комиссия 3-октябрда парламентарий Искендер Матраимовдон арыз келип түшкөндүгүн кабарлады. Анын кайрылуусу «Азаттыктын» кызматкери Айбек Кулчумановго карата 28-сентябрда орун алган кол салуу тууралуу басылманын макалаларына байланыштуу.

Депутаттын айтымында, «Азаттык» орус тилинде 11 материал жана журналист Ыдырыс Исаковдун автордук репортажын жарыялаган.

«12 материалдын ичинен 11и үналгынын өзүнүн жана аларга колдоо көрсөткөн же алардын позициясын коргогон адамдардын гана көз карашын чагылдырат», — деп айтылат депутаттын арызында.

Матраимов мурдараак коомдук тармактарда пайда болгон Ыдырыс Исаков менен Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн тарапташтарынын бири менен болгон телефондук сүйлөшүүнү көңүл бурууну Комиссиянын мүчөлөрүнөн өтүнгөн. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө үнү Исаковдуку делген бир киши «Азаттык» Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ишмердигин «чоң саясаттын» айынан иликтеп жатканын билдирген.

Депутат өзүнүн арызында Комиссиянын мүчөлөрүн «Азаттыктын» окуяны чагылдыруусунун сапатына баа берүүнү, анын ичинде журналисттердин этикалык кодекси бузулуп-бузулбаганын текшерүүнү суранган.

Мындан тышкары, Матраимов Исаков үнү делип аткан ыктымал телефондук сүйлөшүүнү көзкарандысыз экспертизадан өткөрүүнү, андан тышкары, жарык көргөн материалдарды талкуулоо үчүн «тараптарды» чакыруу керектигин билдирген.

«Азаттыктын» операторуна кол салуу

Айбек Кулчумановго 28-сентябрь күнү Ошто кол салышкан. Ал Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн ишмердиги тууралуу келерки иликтөө үчүн видео тартып, дронду башкарып турган. Белгисиз адамдар андан дронду башкаруучу пультту, видео жабдыктарды жана документтерди тартып алган.

Кол салгандар тартып алышкан техникалардын бардыгын ошол эле күнү кечинде милицияга алып келип беришкен. Алар да Кулчумановдун үстүнөн арыз жазышып, аны «жеке менчикке уруксатсыз кирүүгө» айыпташкан. Милиция журналисттерге кол салган кишилер — Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн «жакындары» экенин маалымдаган.

Искендер Матраимов 2-октябрда «Азаттыктын» эфиринде билдиргендей, Кулчумановго «эч кандай күч колдонулган эмес, ал эми техниканы жөн гана алып коюшкан». Анын айтымында, үй кайтарууга алынган, анткени мурда үйгө карактоо болгон.

Бирок, «Азаттыктын» редакциясы кызматкерине белинен жаракат алган деген диагноз коюлганын маалымдап, бул окуяны «сөз эркиндигине кол салуу актысы» деп баалаган.