Назик Матраимованын атынан жазылган «фейк пост». Эмне белгилүү?

Контекст: Сентябрь айынан аягында депутат Искендер Матраимовдун тууганы Назик Матраимованын «Хаятт» мейманканасында туулган күнүн майрамдап жатканы тартылган видео пайда болгон. Кыздын туулган күнүнө барып ырдаган артисттердин арасында ырчы Мирбек Атабеков, андан тышкары, ПБЛ-75 рэп-жамааты да болгон. Бул видеонун пайда болушу коомдун бүйүрүн кызыткан.

Арадан бир нече күн өткөндөн кийин инстаграмда туулган күнүнүн айланасындагы резонанска комментарий берилген ыктымал Назиктин атынан пост жарыяланган.

«Эгер адам жакшы көргөн кызына ушундай белек кыла алса, эмнеге болбосун? Эгер каалооң болсо 25 миң еврону биздин өлкөдөн деле эки айда тапсаң болот [...] Силер да, ЖК да, президент да, орой айтканда, менин үй-бүлөөмө карата кандайдыр бир жаман нерсе айта албайт. Жумшак айтканда, алар биздин достор, өздөрүн өлкөдө кудай сезип алган короо иттери», — деп айтылган билдирүүдө.

Искендер Матраимов бул постту «фейк» деп атап, балдарды саясатка кийлигиштирүүнүн кереги жоктугун билдирген.

«Фейк пост» үчүн кечирим суроо

2-октябрь күнү инстаграмда Назиктин атынан пост жазган делген баланын кечирим сурап жатканы тартылган видео пайда болгон.

Видеодон аны курткасынан бирөө кармап алып, суроо берип жатканы тартылган. Ал эми баланын жүзү күңүрттөлгөн.

Суроолорго жооп берип жатып, бала, Назик Матраимованы «тамашага салууну чечкенин» айткан, анткени Матраимова анын каттарына жооп бербей жаткан.

«Бир-эки жолу жазгам, жооп берген эмес. Анан дагы жазгам, жооп берген эмес. Тамаша катары анан пост жазгам. Баарын өчүрүм салгам. Бул тууралуу өкүнөм. Кечирим сурайм», — деп айткан видеодогу жигит.

Матраимовдор автордун кармалышы тууралуу

Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Kaktus Mediaга милиция тууганынын фейк аккаунтун түзгөн баланы тапканын кабарлаган.

«Анын атынан аккаунт ачып, пост жазган баланы таптык. Мага бул тууралуу жаңы эле билдиришти», — деп келтирген басылма Матраимовдун айткандарын.

Кийинчерээк Kaktus Media басылмасынын жаңылыгы өзгөртүлгөн. Ондоп-түзөөдөн өткөрүлгөн текстте Назиктин барагынан жазган делген «баланы ким жана качан кармаганын» Искендер Матраимовдун билбестиги кабарланган. Матраимовдун айтымында, ал окуянын чоо-жайын кабарлаоо үчүн инисине чалып байланыша албай койгон.

Матраимовдордун үй-бүлөсүнүн адвокаты Давран Касымов 2-октябрь күнү кечинде Матраимовдор Назиктин атынан пост жарыялаган «адамдарды аныкташканын» билдирген. Ал эми баланын кечирим сурап жатканы тартылган видеону «фейк» деп атаган.

«Бул видеосу интернетте жайылып кеткен жанагы бала эмес. Биздин буга тиешебиз жок. Бул дагы фейк. Биз өзүбүз кармап, укук ченемдеринен тышкары аракет кылгыдай деңгээлде эмеспиз», — деген адвокат.