Ош мэриясы муниципалдык жердин Матраимовдорго берилип кеткендиги тууралуу маалыматты текшерет

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров «Келечек» балдар борборунун жер тилкесинин жана жолунун тосулгандыгы тууралуу маалымат текшериле башталганын «Клоопко» кабарлады. Буга чейин «Азаттыктын» журналисттери Матраимовдордун үй-бүлөсү жолду тосуу менен тилкени тосуп алганын билдиришкен.

Ал аталган чечим коомдук тармактардагы нааразычылыктардан улам кабыл алынганын кошумчалады.

«Мэр Таалайбек Сарыбашовдун убагында мындай маселе көтөрүлгөн эмес жана эч ким кайрылган эмес. Тиешелүү кызматтар менен териштирип бүткөн соң жыйынтыгын айтабыз», — деди Абсаттаров.

«Келечек» борборунун директору Аида Жакыпбаева «Клооптун» журналистине курган маегинде жолдун тосулгандыгын тастыктады. Бирок балдар борборуна тиешелүү жер тилкесине орнотулган темир тосмолор сентябрдын ортолорунда алынганын билдирди.

«Керек маалда жолго коюлган дарбазаны ачып берип турушат. Мен борбордун жетекчилик кызматына июль айында дайындалдым, Матраимовдордун үй-бүлөсү менен болгон келишимдер тууралуу маалыматым жок», — деп түшүндүрдү Жакыпбаева.

Матраимовдордун үй-бүлөсү муниципалдык жерди тосуп алышкандыгы тууралуу белгисиз адамдар «Азаттыктын» оператору Айбек Кулчумановго кол салышкандан кийин белгилүү болгон. Окуя бажы башчысынын мурунку орун басары Райымбек Матраимовдун иниси Руслан Матраимовдун үйүнө жакын аймакта болгон.

«Азаттыктын» журналисти Ыдырыс Исаковдун айтымында, окуя болгон күнү Кулчуманов «Келечек» балдар борборунун тосулган жолун жана тилкесин дронго тартканы барган. Исаков билдиргендей, экөө тең Матраимовдордун үй-бүлөсү тарабынан тосулган.

Кийинчерээк Руслан Матраимов жолду жергиликтүү бийликтин суранычы менен тосушканын тастыктаган. Ал эми тосулган муниципалдык тилке тууралуу комментарий берген эмес.