400 мугалимдин көзүнө акысыз операция жасалат — Билим берүү министрлиги

Мугалимдерге медициналык жардам берүү тууралуу келишимге билим берүү министри Каныбек Исаков жана «Дордой офтальмик-сервис» микрохирургия борборунун директору Азизбек Эшмамбетов кол коюшкан.

«Өлкөдөгү билим берүү уюмдарынын 400 кызматкерлерине көз катарактасын алуу жана башка көз ооруларын жок кылуу үчүн жогорку технологиядагы хирургиялык операциялар акысыз жасалат», — деп билдиришти билим берүү министрлигинен.

Операциялар ведомство хирургиялык кийлигишүүгө муктаж болгон мугалимдердин тизмесин түзгөндөн кийин башталат.

«Клиника офтальмологдордун тобун түзөт, мындан кийин алар мугалимдерден билдирмелерди чогултуп, текшерүү жүргүзүшөт. Андан кийин ким операцияга бара тургандарын аныкташат», — деп кошумчалашты ведомствонун басма сөз кызматынан.