Салык декларациясын кечигүү менен тапшырган ЖКнын алты депутатына миң сом штраф салынышы мүмкүн

Мамлекеттик салык кызматы өткөн жыл үчүн салык декларациясын кечигүү менен тапшырган мамкызматкерлер тууралуу маалыматтарды жарыялады. Тизмеге жалпысынан 1,200 мамкызматкер, анын ичинде учурда иштеп жаткан алты парламентарий бар.

Эреже бузгандардын тизмесинде «Кыргызстан» фракциясынан Руслан Чойбеков, КСДПдан Жылдыз Мусабекова, андан тышкары, «Республика — Ата-Журт» фракциясынан Зарылбек Рысалиев, Жургалбек Турускулов, Аида Исмаилова жана «Өнүгүү Прогресстен» Алтынбек Жунус уулу бар.

Аида Исмаилованын жардамчысы «Клоопко» кабарлагандай, депутат декларацияны өткөн аптада эле тапшырган. Жардамчынын айтымында, Исмаилова декларацияны өз убагында толтурган, бирок документ салык кызматынын сайтындагы жеке кабинеттеги «катадан» улам кетпей калган.

Ал эми депутат Жыргалбек Турускуловдун жардамчысы эл өкүлү «техникалык мүчүлүштүктөрдүн айынан» декларацияны өз убагында тапшыра албай калганын билдирди. Депутат Жылдыз Мусабекованын кабылдамасынан эл өкүлү декларацияны февраль айынын этегинде эле тапшырып койгонун кабарлады.

Мыйзам боюнча, салык декларациясын өз убагында тапшырбай койгон жаранга миң сом айып каралган.