Кыргызстандыктар катышкан массалык мушташ атышуу менен аяктады — Новосибирск

Сүрөт: ngs.ru

Чыр-чатак 7-октябрда Новосибирсктин Хилокск базарынын жанында жүз берген — ал шаардагы ири базар болуп эсептелет. Орус ЖМКлары билдиришкендей, окуя орун алган жерде 200гө чукул адам болгону менен мушташка алардын бардыгы катышкан эмес. Журналисттердин маалыматына ылайык, полиция мушташтын 50гө чукул катышуучусун кармаган.

Массалык мушташтын күбөлөрү чыр-чатак учурунда ок атуу үндөрү чыкканын кабарлашты. Окуя болгон жерге ОМОНдун жана СОБРдын аскерлери келип, ал эми МАИнин кызматкерлери базар аймагындагы кыймылды тосушкан.

Коомдук тармактардын колдонуучулары да окуянын натыйжасында эки автоунаа өрттөнүп кеткенин билдиришкен.

Жергиликтүү Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, резина окторунан алган жарааттарынан улам беш адам меджардам сурап кайрылышкан.

Кыргыз диаспорасынын Новосибирсктеги өкүлү Жаркынбай Тойтуков «АКИпресс» басылмасына кабарлагандай, чыр-чатактын чыгышына, алдын ала версиялар боюнча, бир кыргызстандыктын башка бир нече мекендешинен «акча опузалаганы» себеп болгон.

«Ал жана анын адамдары мекендештерибизди сабап, акча опузалап, базарда тыңыраак иштетпей жатышкан», — деди Тойтуков.

Ал эми «Тайга.Инфо» басылмасынын кабарына ылайык, мушташ эки сатуучунун араздашуусунан улам башталган — алардын бирөөсү экинчисине кампа үчүн ижара акысын төлөөдөн баш тарткан.

«Биринчиси акчанын артынан кайсы бир куралчан кишилерин жөнөткөн, ошонун айынан чатак 4-октябрда эле башталган, бүгүн, кыязы, уланган өңдүү», — деп билдирген басылманын булагы.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан чыр-чатактын чоо-жайы тууралуу тастыкталган маалымат жоктугун айтышты «Клоопко».

«Окуя болгон жерде башкы консулдук иштеп жатат, ошондой эле ишке ИИМдин өкүлчүлүгү кошулду, маселе элчинин жеке көзөмөлүндө. [...] Биз расмий маалымат алышыбыз керек», — деп билдирди элчиликтин басма сөз катчысы.