Атамбаевдин экс-жансакчысы, эки жолтандабас жана милицияга белек. Эмне болуп жатат?

Социалдык тармактарда жана айрым кыргыз тилдүү ЖМКларда 8-октябрда Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев укук коргоо органдарынын кызматкерлерине Chevrolet Suburban жолтандабасын белекке бергени тууралуу маалымат тараган.

Кийинчерээк милициянын бөлүмүнө окшош чакан имараттын жанында эки автоунаа турганы тартылган видео пайда болгон. Имараттын алдында аскер формачан 10го жакын адам тизилип турат. Дагы бир нече формачан адам басып жүргөнүн көрүүгө болот. Ошондой эле видеодон жарандык кийимчен бир нече адамды байкоого болот, алардын бири Эркин Мамбеталиев болушу мүмкүн.

Милиционерлер эмне дешүүдө?

Башында ЖМКларда эки жолтандабас чек арачыларга берилгени маалымдалган. Бирок чек ара кызматынан белекке унаа алышканын четке кагышты.

«Сүрөткө ылайык, жолтандабастар ИИМдин Баткенде иш алып барышкан ички аскерлерине берилген», — деп чек ара кызматынан билдиршкен.

ИИМден Мамбеталиев тарабынан жолтандабастар белекке берилгени тууралуу айтылган маалыматты «жалган» деп аташты. Министрлик тараткан маалыматка ылайык, бул эки жолтандабас «Баткен облусунун Кадамжай районунун милиционерлери тарабынан токтотулган».

«Учурда жогоруда аталган автоунаалар текшерилип жатат», — деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө. Видео бар болгонуна карабастан, министрликтен «Клоопко» «кошумча эч нерсе айта алышпасын» билдиришти.

Кийинчерээк ИИМ сайттан пресс-релизин өчүрүп салган.

Googleдан алынган скриншот, бирок азыр барак ачылбайт.

Баткен ОИИБинен кабарлашкандай, автоунаалар «маңдайдагы айнектери караңгылатылгандыктан» токтотулган.

«Бул автоунааларга эреже бузуу боюнча протоколдор түзүлүп, андан кийин алар ээсине кайтарылган», — деп айтылат ведомствонун расмий билдирүүсүндө.

Мамбеталиев деген ким өзү?

Мамбеталиев 2005-жылга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгон. Аны кримтөбөл Рыспек Акматбаев менен байланыштырышат.

«Азаттык» үналгысынын маалыматына караганда, ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп эсептелет. Мамбеталиев 2005-жылы сегиз адамды өлтүрүүгө шектелип, сот аны үч адамды өлтүрүү айыбы боюнча өмүр бою эркинен ажыраткан.

Мамбеталиевдин туугандары менен адвокаттары анын күнөөсү жоктугун айтышып, 2010-жылы бул иш жаңы ачылган жагдайлар боюнча кайра каралган. Ал иш кайра каралгандан кийин коё берилген.