«Эйр Манас» «техникалык себептерден» улам бардык каттамдарды бир күнгө жокко чыгарды

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз катчысы Алия Курбанова билдиргендей, «Эйр Манас» авиакомпаниясы Бишкек — Ош жана Ош — Бишкек каттамы боюнча 9-октябрга пландалган алты каттамдын баарын жокко чыгарды. Курбанова мындай чечим «техникалык себептерге» байланыштуу кабыл алынганын айтат.

Бул «Эйр Манас» Бишкек — Ош каттамын жокко чыгарып жаткан биринчи эле учур эмес. Акыркы жолу ушундай эле жагдай 25-сентябрда орун алган. Ал учурда учак бузулганын кабарлашкан.