Маданият — Жалал-Абад жолунун курулушун улантууга каражат бөлүү октябрга жылдырылды

Транспорт жана жол министрлигинен Ош — Бишкек жолунун Маданият — Жалал-Абад бөлүгүндөгү курулуш иштерине каражат октябрда бөлүнөөрүн билдиришти. Буга чейин ведомстводон акча август айы ичи которулаарын убадалашкан эле.

«Азаттыктын» журналисти Санжар Эралиев 7-октябрда фейсбук баракчасына аталган жол тилкеде тартылган тасманы жарыялаган. Андан асфальты сыйрылып, чаңып жаткан жолду көрүүгө болот.

«[Жол] канча километр экендигин так билбейм, бирок бир топ бар. Кадимки асфальт жолун быйыл жазында кырып, ушул абалга келтиришкен. Орто жолдо финансылык алешемдик чыгып, иш токтогон. Жол жайы менен чаңыды. Күз-кышта, жаан-чачында кандай болоорун элестетип атасыңарбы? Тиричилик кылган айрым таксист тааныштарым жолдон безип, ишин таштап Орусияга кетишиптир…», — деп видеого түшүндүрмө жазган Эралиев.

Траспорт министрлигинин басма сөз кызматынан «Клоопко» жолдун курулушун улантуу үчүн Евразиялык банк каражатты октябрь ичи бөлөт деп ишендиришти.

«Евразиялык банк министрликке 4-октябрда каржылоо жанданганын кабарлаган. Учурда буга чейин жасалган жумуштар боюнча тактоо иштери жүргүзүлүп, сертификаттар даярдалып жатат. Аларды банкка берсек каражат которуп башташат», — деп маалымдашты ведомстводон.

Маданият — Жалал-Абад жолунун курулушу 2018-жылы июнда башталган, бирок 2019-жылы апрелде каржылоо токтогондуктан иш жүрбөй калган. Тендерди азербайжандык Azvirt компаниясы утуп, 67 чакырым жолдун салынышын 52 млн долларга баалаган. Жол 2020-жылга курулуп бүтүшү керек.