КРФФга оюн талаасына чуркап чыккан ышкыбоздун айынан айыппул салынышы мүмкүн

Кыргызстандын футбол федерациясынан (КРФФ) «Клоопко» кабарлашкандай, ышкыбозго байланыштуу окуядан улам уюмга штраф салынышы мүмкүн. Айыппулдун өлчөмүн Кыргызстан жана Мьянма курамаларынын ортосундагы матчка күбө болушкан ФИФАнын өкүлдөрү аныкташат.

«Бул жагдайда биз [ФИФА жөнөткөн] рапорттор боюнча чечимдерди жана бул ишти кароону гана күтүүгө аргасызбыз. Штрафтын так өлчөмү бизге белгисиз», — деп кабарлады Кыргызстандын футбол федерациясынын басма сөз катчысы.

КРФФга буга чейин матчтардын учурунда талаага ышкыбоздор чуркап чыга калышкандыгына байланыштуу айыппул салынган болчу. 2015-жылы ФИФА кыргыз федерациясына 28 миң доллар штраф салган.

«Анда [штраф] үч пункт коюлган — футбол талаасыначуркап чыга калган сүрөөнчү, [газонго] ыргытылган бөтөлкөлөр жана ашыкча толгон стадион», — деп түшүндүрүп беришти КРФФдан.

Федерациядан сүрөөчүнү айыпка жыга алышпашын жана ага кийинки оюндарды көрүүгө тыюу сала алышпашын кошумчалашты.

Кыргызстан менен Мьянманын курама командалары ортосундагы матч Бишкекте 10-октябрда кечинде болуп өттү. Оюн 7 — 0 эсебинде кыргыз футболчуларынын жеңиши менен аяктады. Белгисиз киши аянтчага оюндун аягында чуркап чыгып, Кыргызстан курамасынын дарбазачысын кучактаган. Андан кийин милиционерлерге колго түшүп берген.