Видео. «Ак ниет» сейил багындагы көчөттөрдү сындырып кетишти

«Турмуш» басылмасы 11-октябрда «Ак ниет» сейил багында тартылган тасма жарыялады. Видеодо жаңы ачылган сейил бактагы онго жакын көчөт сынып жатканын көрүүгө болот. Азырынча дарактар кимдер тарабынан жулунганы белгисиз.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров басылманын журналисттерине берген маалыматында, сынган көчөттөр боюнча чара көрүлөт.

«Эс алуу жай шаар тургундары үчүн канча аракет менен курулган. Сейил бак шаар тургундарына керек.Ошондуктан тургундарды кайдыгер карабоого чакырабыз», — деди ал.

Абсаттаров, сейил бакта азырынча видео байкоочу камералар орнотула электигин кошумчалады.

Кулатов кичи районундагы «Ак ниет» сейил багы 5-октябрда Ош шаарынын 3019 жылдыгына карата ачылып, пайдаланууга берилген. Сейил бакты курууга жергиликтүү бюджеттен 28 млн сом сарпталган. Анын узундугу 850 метр жана туурасы 20 метрге чейин жетет.