Кыргызстандын мигранттары 2019-жылы мекенине бир миллиард доллардан ашык акча которушкан

Улуттук банктын маалыматына ылайык, Кыргызстандын чет өлкөдө иштеп жаткан жарандары 2019-жылдын январынан тарта августуна чейин мекенине 1 миллиард 570,5 миллион доллар которушкан.

Акча которуулардын 90 пайыздан ашууну Орусиядан келген. Бул сумма 1 миллиард 539,4 миллион долларды түзөт. АКШдан Кыргызстанга 20,8 миллион доллар, башка өлкөлөрдөн 9,9 миллион доллар которулган.

2017-жылдын маалыматы боюнча, Кыргызстан акча которуулардын ИДПга болгон катышы боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. 2018-жылы эмгек мигранттары өлкөгө 2 миллиард 685,3 миллион доллар, ал эми 2017-жылы 2,5 миллиард доллар которушкан. Бул суммалар Кыргызстандын бюджетинин чыгымдарынан көп.

ТЕМА БОЮНЧА:

Кыргызстан мигранттардын акчасына жан багат, бирок аны коротконду билбейт