Атамбаев Батукаевдин иши боюнча сотко катышуудан кайра баш тартты

Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев журналисттерге 14-октябрда билдиргендей, мурдагы президент кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу тууралуу иш боюнча сотту анын катышуусу жок эле өткөрүүнү суранган.

«Ал бул сотко катышпайт, себеп дегенде болуп аткандын бардыгын мыйзамсыз деп эсептейт», — деп билдирди Жоошев.

Бирок ага карабастан, адвокат кошумчалагандай, сот Атамбаевди эркине каршы алып келүүнү тапшырышы мүмкүн.

Мурдагы президент 11-октябрда да Батукаевдин иши боюнча сотко келүүгө баш тарткан эле. Атамбаев бул иш боюнча төрт айыпталуучунун бири.

Андан тышкары, айыптоочу корутундулар мурдагы башкы прокурор Индира Жолдубаевага, ЖАМКтын башчысынын мурдагы кеңешчиси Каныбек Качкыналиевге жана врач-гематолог Абдухалим Раимжановго тапшырылган.

Бийлик Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча ишти 2019-жылдын жаз айларында кайра тергей баштаган. Кримтөбөл лейкоз тууралуу аныктаманын негизинде бошотулган. Андан кийин медициналык документ жасалма экени белгилүү болгон.

Батукаевдин ишин иликтөө Атамбаевди экс-президенттик макамдан, кол тийбестиктен жана башка артыкчылыктардан ажыратууга себептердин бири болгон.

Бул иш боюнча башка аткаминерлер да фигурант болуп өтүп жатышат, алардын арасында ЖАМКтын экс-башчысы жана парламенттин учурдагы депутаты Зарылбек Рысалиев, мурдагы башкы прокурор Аида Салянова, мурдагы саламаттык министри Динара Сагынбаева жана мурдагы вице-премьер-министр Шамил Атаханов бар.

ИИМ Батукаевдин бошотулушу тууралуу иш боюнча Атамбаевди үч жолу суракка чакырган, бирок мурдагы президент тергөөчү менен жолугушуунун үчөөнө тең келбей койгон.

Август айынын башында күч түзүмдөрү Атамбаевди күч менен кармашкан. Ал Кой-Таш айылындагы үйүндө эки күнгө созулган каршылык көрсөтүүдөн кийин колго түшүп берген. Атайын операция учурунда спецназдын бир кызматкери каза тапкан. Атамбаев өзү УКМКнын тергөө абагында 31-октябрга чейин калтырылган.