«Женго» каймана аты менен таанымал Кадыр Досонов кармалды — ЖМК

«Турмуш» басылмасы 15-октябрда Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде тартылган видео жарыялады. Анда формачан кишилер эки жигитти унаага салып кеткенин көрүүгө болот. Ал эми тасманы коштогон үн «Женго» кармалганын айтат.

Басылма «Женго» каймана аты менен белгилүү Кадыр Досонов бараткан «Мерседес-Бенц» унаасы атайын операциянын алкагында токтотулганын жазган. Маалыматка ылайык, унаанын мамлекеттик номуру жок болгон жана айдоочу инспекторлордун токтоо тууралуу талабына баш ийген эмес.

Ош облусттук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңишбек Аширбаев «Азаттык» үналгысына Досонов жана ал бараткан унаанын айдоочусу кармалганын тастыктап, алар милиция бөлүмүнө жеткирилгенин билдирген.

«Мамлекеттик номуру жок автоунаа жол тескөөчүлөргө баш ийбей качыптыр. Азыр баш ийбегендиги үчүн жана мамлекеттик номерди тагынбаганы үчүн административдик протокол түзүлүптүр, топтолгон материалдар тиешелүү тергөө кызматына өткөрүлүп берилди», — деп келтирет «Азаттык» Аширбаевдин айткандарын.

Аширбаев кармалган автоунаанын ичинен белгисиз үлгүдөгү тапанча табылганын кошумчалады. Окуя тууралуу кеңири маалымат алууга Ош ОИИБинин басма сөз кызматы жеткиликсиз болду.

Кадыр Досонов 2015-жылдын февралында милициянын полковниги Толкунбек Шоноевди өлтүрүүгө буйрук берүүгө айыпталган. 2017-жылы Кара-Суу райондук соту, Ош облустук соту аны актаган өкүм чыгарган. Көп өтпөй бул чечимди Жогорку сот да күчүндө калтырган.