Кара-Суу башка райондорго караганда көбүрөөк дотация алат. Районду Тилек Матраимов жетектейт

Бюджеттин 2020-жылга карата долбооруна ылайык, республикалык бюджеттен райондордун арасынан теңдештирүүчү трансферттердин эң чоң суммасын Кара-Суу району алат — 156,5 миллион сом. 2012-жылдан бери бул районду Тилек Матраимов жетектейт.

Теңдештирүүчү трансферттер — бул жергиликтүү бюджеттердин кирешелеринин жана керектөөлөрүнүн деңгээлинин ортосундагы каржылык айырманы жабуу үчүн республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар.

Кара-Суу районуна бөлүнүүчү каражаттын өлчөмү Ысык-Көл облусу (дээрлик 112 млн сомго) менен Талас облусуна (дээрлик 122 млн сомго) каралган дотациядан көп.

Финансы министрлигинин кийинки эки жылдык божомолу боюнча, Кара-Суу районуна берилүүчү трансферттер 2019-жылга салыштырмалуу көбөйөт.

Тилек Матраимов Kaktus Media басылмасына курган маегинде билдиргендей, райондун акими катары ал эч кандай органга кайрылып, дотация сураган эмес.

«Жарым жыл мурда биз жергиликтүү депутаттар менен биргеликте Кара-Суу районундагы жети айыл өкмөтүн дотациядан чыгарууну чечкенбиз, себеп дегенде алар өздөрүн камсыздай алышат. Бул Кашкар-Кыштак, Нариман, Кызы-Кыштак, Жоош, Шарк, Төлөйкан жана Таалай айыл өкмөттөрү. Бирок биз азырынча жооп ала элекпиз жана бул айыл өкмөттөрүн дотациядан чыгарып-чыгарышпаганын билбейбиз», — деген Матраимов.

Ал 156 млн сом, балким, Финансы министрлигинен грант түрүндө түшүп жатканын айткан.

«Бирок мен жеке өзүм бул тууралуу эч нерсе билбейм. Бул акчалар райадминистрациянын бюджетине да түшпөйт, себеп дегенде айыл өкмөтүнүн өз бюджети бар», — деп билдирди Тилек Матраимов.

Финансы министрлигинен «Клооптун» журналистине түшүндүрүшкөндөй, акчаларды бөлүштүрүү райондун калкынын санынан жана ошондой эле алардын кирешесинен көз каранды.

Тилек Матраимов деген ким жана бул эмне үчүн маанилүү?

Матраимовдордун үй-бүлөсү Кыргызстандын түштүгүндөгү эң таасирлүү үй-бүлө деп саналат. Бул үй-бөлөдөгү төрт ага-ини мамкызматта иштешкен же иштешет.

Тилек Матраимов — Кара-Суу районунун акими. Матраимовдордун бүткүл үй-бүлөсү да ушул райондон болот.

Анын эң улуу агасы Искендер Матраимов — Жогорку Кеңештин депутаты. Дагы бир тууганы Ислам үстүбүздөгү жылдын июнь айына чейин финполдун ички иликтөө башкармалыгын жетектеген.

Дагы бир тууганы Райымбек Матраимов — мурда бажы башчысынын орун басары болуп иштеген. Эл ичинде аны Райым-миллион деп аташат.

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев учурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун Матраимовдордун үй-бүлөсү менен байланышы бар деп бир нече жолу айткан.