Тажикстандыктар такталбаган аймактагы жолго «жаткан полиция» орнотушту

Баткен районунун жергиликтүү кеңешинин депутаты Санжарбек Ысаков «Марал» басылмасына билдиргендей, тажик тарап 17-октябрда Ош — Исфана жана Исфара — Ворух жолдорунун кесилишине ылдымдыкты төмөндөтүүчү жасалма тоскоолдуктарды («жаткан полиция») орнотушту.

Ысаков тажикстандыктарга курулушту эмне максатта жүргүзүп жатышканын сураганда, «Бул — биздин жер, эмне кылаарыбызды өзүбүз билебиз» деп жооп алганын басылмага айткан.

Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Чолпон Бердикулова «Клоопко» тажик тарап Жака-Өрүк айылына жакын такталбаган аймактагы жолго «жаткан полиция» орнотконун тастыктады.

«Бизге «жаткан полиция» орнотушаары тууралуу кабар беришкен эмес. Учурда эки өлкөнүн Баткен жана Исфара райондорунун жетекчилери сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат» — деп тастыктады Бердикулова.

Материал жарык көрөөр алдында Кыргызстандын чек ара кызматынын басма сөз кызматы комментарий алууга жеткиликсиз болду.

Баткен шаарында 16-октябрда Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков менен Тажикстандын вице-премьер-министри Азим Иброхимдин жолугуусу өткөн. Анда кыргыз-тажик чек ара тилкелериндеги делимитациялоо жана демаркациялоо иштерди активдештирүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Буга чейин 14-сентябрда Тажикстандын жарандары Баткен районундагы Жака-Өрүк айылына жакын жердеги такталбаган аймакка фундамент куюшкан. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдөн кийин курулуш бузулган.