ИИМдин башчысынын орун басары жаш курагына байланыштуу отствакага кетиши керек

ИИМ министринин орун басары Памир Асанов 16-октябрда 55 жашка чыккан. Эми ал ички иштер органдары жөнүндө мыйзамга ылайык, өз кызматын тапшырып, отставкага кетиши керек.

Бул документте айтылгандай, кызматта ИИМдин профессордук-мугалимдик курамы менен илимий даражасы бар кызматкерлер гана 60 жашка чейин кала алат.

Мындан тышкары, 60 жашка чейин «жогорку башкаруучу курам» да иштөөгө укуктуу. Аларга генерал-майорлор, генерал-лейтенанттар жана генерал-полковниктер кирет. Мындай наамдарды президент берет.

ИИМдин сайтындагы өмүр баянга ылайык, Асанов илимий наам алып, ИИМдин окутуу мекемелеринде сабак берген эмес. Ошондой эле, ведомствонун сайтында Асанов — милициянын полковниги деп көрсөтүлгөн. Бул деген ал «орто жана улук башкаруучулук» топко кирээрин жана 55 жашка чейин гана иштей алаарын түшүндүрөт.

«Клооп» ИИМ менен байланышып, Асановдун айланасындагы жагдайга комментарий берүүнү сураган, бирок басма сөз кызматтан комментарий берүүдөн баш тартып, ведомство жакында расмий пресс-релиз жарыялайт деп айтышты. Бирок андан кийин басма сөз кызмат жеткиликтүү болбой калган жана материал жарык көрөөр алдында ИИМдин позициясы белгисиз бойдон калды.

Памир Асанов ИИМдин башчысынын орун басарлык кызматына 13-августта дайындалган. Ал бул кызматка мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалгандан кийин бир нече күн өткөн соң жумуштан бошотулган Курсан Асановдун ордуна келген.

Кийинирээк Асанов бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго куда болоору белгилүү болгон. Ошондо ИИМден «бул саясатташпаган окуя» деп билдиришкен.