Видео: Ош милициясы чет өлкөлүк жарандардын мушташын териштирип жатат

Чет өлкөнүн жарандары мушташкан видео социалдык тармактарга 20-октябрь күнү жарыяланган. Тасмага карата жазылган баяндоодо окуя Ошто индиялыктардын же пакистандыктардын ортосунда болгондугу айтылат. Видеодо көрүнүп тургандай, окуяга 20га чукул адам катышкан.

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Клоопко» милиция аталган окуя боюнча иликтөө жүргүзүп жатканын кабарлады.

«Бизге арыз менен ушул убакытка чейин эч ким кайрыла элек. Бирок бул окуя боюнча иликтөө жүрүүдө. Эгерде чет өлкөлүк жарандардын аракеттеринде кылмыштын курамы табылса иш козгойбуз», — деп билдирди Сыдыков.

Аталган видео тараган күндүн эртеси Ош мамлекеттик университетинде укук коргоо органдарынын катышуусунда жыйын өткөн. Бирок мушташтын катышуучулары аталган жогорку окуу жайдын студенттери болуп-болбогону азырынча аныктала элек.

«Окуя боюнча арыз менен бизге дагы эч ким кайрылбады. Мушташтын катышуучулары аныктала элек. Биздин чет өлкөлүк студенттер деле уруш болгон жок деп жатышат», — деп айтышты ОшМУдан.

Бишкек шаарында октябрдын ортолорунда Пакистандан келген студенттер мушташа кетишкен. Окуяга катышкан жана күбө болгон 30дай адам милиция бөлүмүнө жеткирилген. Эл аралык университеттин администрациясы жаңжал «турмуштук негизде» чыкканын кабарлаган.

Ош мамлекеттик университетинде эки миңден ашуун чет өлкөлүк студент окуйт, көпчүлүгү медициналык багытта билим алышат.