Жалал-Абад: Өгөй кызын зордуктоого шектелген киши эки айга камакка алынды

«Турмуш» басылмасы 23-октябрда Кара-Көл шаарында 49 жаштагы киши жашы жете элек өгөй кызын зордуктоого шектелип жатканын жазып чыкты.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан «Клоопко» аталган окуя боюнча өспүрүм кыздын энеси 17-октябрда арыз менен кайрылагын тастыкташты.

«Кара-Көл шаарынын тургуну кайрылып, мурдагы жолдошунан төрөлгөн 2002-жылкы кызын экинчи жолдошу зордуктап койгондугун билдирген», — деп маалымдашты облустук милициядан.

Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестринде «Зордуктоо» бенереси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды. Шектүү соттун чечими менен эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилди.